Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Ооганстан: улук өкүлдү бир тууганы өлтүрүлдү


Ooганстандын улуттук коопсуздук кеңешчиси Рангин Дадфар Спантанын бир тууганы өлкөнүн батышында атып өлтүрүлдү.

АФП кабар агенттигинин маалымдашынча, Ахмад Валиге Херат дубанында мотоцикл минген эки куралчан ал бүгүн эртең менен мончодон чыгып келатканда кол салган. Аймактык полициянын маалымат катчысы Абдул Рауф Ахмади агенттикке кол салгандар изин суутуп кеткенин бышыктады.

Азырынча алар кимдер экени аныктала элек. Вали Ооганстандын Иран менен чек арасындагы Карух районунда коомдук прокурор болуп иштеген. Спанта 2006-2010-жылдары Ооганстандын тышкы иштер министри болуп туруп, кийин президент Хамид Карзайдын улуттук коопсуздук кеңешчилигине дайындалган.

XS
SM
MD
LG