Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Апрел окуясы боюнча соттогу мушташта он аскер жабыркады


Бүгүн апрел окуясы боюнча сотто чыккан жаңжалды басууга аракет кылган он аскер кызматкери жабыркады. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин маалымат кызматынан кабарлашты. Сотто коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган аскерлер чырлашып жаткандарга карата атайын каражат колдонгон жок.

Чыр соттолуучу Сергей Цигельников залда отурган жабыркагандарды карап колу менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыкканын "Азаттыкка" жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында токсонго жакын кишинин өлтүрүлүшү боюнча мурдагы бийлик тушунда президентке жакын кызматтарды ээлеген айрым аткаминерлер жана күзөт кызматкерлери соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG