Румыниянын президенти Траян Басеску Молдованын Европа биримдиги менен жакын алака түзүү тууралуу келишимге жетишүү ниетин Бухарест толугу менен колдой тургандыгын бышыктады.
"Сиздер зор бийиктикке умтулуп жатасыздар, мен бул маанилүү көз ирмемде силердин тараптамын жана Европаны көздөй жолуңарда Румыния сиздерди эч кандай чектөөсүз колдойт", - деди бүгүн Кишиневдо Молдованын президенти Николае Тимофти менен бирге катышкан пресс-конференцияда Басеску.
28 өлкө мүчө болгон Европа биримдиги менен Молдова Стабилдештирүү жана Кызматташтык келишимине ноябрда кол койору күтүлүүдө. Бул келишим толук мүчөлүк багытындагы алгачкы кадам болуп саналат. Басеску "Азаттыктын" Бухаресттеги кабарчысына Молдова Евробиримдикке кирүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерин 10-12 жылда аягына чыгарат деп ишенимин билдирди.