Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Пакистанда "Талибан" кыймылы Малаланы мекенине чакырды


Пакистанда "Талибан" өзү аттырган кызды кайра кайтып келүүгө чакырды. Пакистандык талиптердин улук өкүлү кыздардын билим алуу укугун талашкан Малала Юсуфзайды Британиядан кайтып келип, өзү туулган Мингора шаарындагы кыздардын медресесинен билим алууга чакырды.

Малала бул шаарда кыздардын орто мектебинде окуп жатканда былтыр талиптер башына атып, оор жарадар кылган эле.

Талиптердин өкүлү Аднан Рашид "талиптер кыздардын билим алуусуна каршы болгон үчүн эмес, Малала алардын шариятка негизделген түзүлүшү үчүн күрөшүн каралап жатат" деп ойлогондуктан, аны атышканын жазды.

Өткөн аптада 16 жашка чыккан күнү Малала Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун штаб квартирасында чыгып сүйлөп, бардык балдардын текши билим алышын колдоону күч алдырууга чакырды.

Кыздардын сабаттуулугу боюнча Пакистан дүйнөдөгү эң төмөнкү баскычтардын биринде турат.

XS
SM
MD
LG