Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Навальный Москванын мэрлигине талапкер болуп катталды


Москванын шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйды сентябрда өтүүчү шаар мэринин шайлоосуна талапкер кылып, расмий каттады. Бул тууралуу шаршембиде шайлоо комиссиясынын төрагасы Валентин Горбунов билдирген соң, Навальный өзү Твиттердеги баракчасына талапкердин күбөлүгүн кармап түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Алексей Навальныйдын Москва мэрлигине талапкер болуп расмий катталуусу анын иши боюнча сот чечими чыгар мезгилге туш келди. Киров шаар соту бүгүн Навальный боюнча соттук териштирүүнү жыйынтыктары айтылган. Оппозициялык активист Алексей Навальный “Кировлес” ишканасын уурдап-тоноого катышы бар деген айып менен соттолууда. Өткөн жумада айыптоочу тарап аны алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Оппозициялык активист өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук катары баалайт.

XS
SM
MD
LG