Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

"Кыргызгаз": Ош, Айдаркен жана Кадамжай шаарларына газ берилди


88 миң доллар карыз төлөнбөгөнү үчүн Өзбекстандын “Узтрансгаз” ишканасы Ош, Айдаркен жана Кадамжай шаарларына көгүлтүр от берүүнү кечээ эртең менен токтоткон. Карыз үчүн 100 миң доллар берилген соң, бул шаарларга газ кайрадан бериле баштады. Мындай маалыматты “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынан билдиришти.

Ошол эле учурда Ош шаарынын тургундары үйлөргө көгүлтүр от бериле электигин "Азаттыкка" маалымдашууда.

“Кыргызгаз” менен “Узтрансгаздын” ортосундагы келишимдерге ылайык, Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына жыл аягына чейин 100 млн. кубметр газ берүүсү керек.

“Кыргызгаз” ишканасынын кыргыз өкмөтүнө карызы бүгүнкү күнү 2 млрд. сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG