Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Талибан Малала Юсуфзайды мекенине кайтып келүүгө үндөөдө


Пакистандагы Талибандын башчысы Малаланы Британиядан мекениндеги Мингора шаарына, аялдар медресесине кайтып келүүгө чакырды. Шаршембиде жарыялаган катында Аднэн Рашид Талибан аялдардын билим алуусуна каршы эмес экенин бекемдеген. Рашид Малаланы өлтүрүү аракети “жаш өспүрүм Удар аймагында ислам системасын орнотууга каршы маалымат жайылтканы үчүн” болгонун да айтты.

Пакистандык окуучу кыз Малала Юсуфзайды өткөн жылы талибандар башка атып кетишкен. Өткөн жумада БУУда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Малала Талибан аны коркута албаганын айтып, дүйнөдөгү бардык балдардын билим алуусун колдоого чакырган.

Өткөн жылдын октябрь айында Талибандын согушкерлери 14 жаштагы Малала Юсуфзай аттуу өспүрүм кызды мектептен кетип бара жаткан кезинде башка атып, оор жарадар кылган. Юсуфзай 2009-жылы билим алуунун маанисин, талибдердин Сват өрөөнүндө жергиликтүү элге көрсөткөн кордугун интернетке жазып чыкканда таанымал болгон. "Талибан" аны исламды жана шариятты жаманатты кылып, кыздарды билим алууга үндөгөнү үчүн жазалаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG