Шейшембинин таңында уурулар Брюсселдеги Ван бурен музейинен жалпы баасы 2 млн. долларлык 10 сүрөттү алып чыгып кетишкен. Музейдин кызматкери Изабель Анспактын айтуусунда сүрөттөрдү алып кетүүгө ууруларга 2 мүнөт 3 секунд жеткен. Бул аралыкта алар терезени сындырып, полиция келгенче сүрөттөрдү алып чыгууга үлгүргөн. Уурдалган сүрөттөрдүн арасында голландиялык Кеес Донгендин “Ойчул” жана белгиялык сүрөтчү Жеймс Энсордун картинасы бар.