Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Кумтөргө нааразы жаштар кен казган ишканада болду


Кумтөр алтын кенинин иштетилишине каршы чыгып, түрдүү нааразылык акцияларды уюштуруп келген жаштар уюмунун отуздай өкүлү аталган кенди иштеткен жерге барып келди. Алар менен чогуу ишканага өкмөттүн Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев жана район жетекчилиги барганын "Азаттыкка" облустук бийликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Өзүлөрүн Жети-Өгүз районунун жаштарынын өкүлдөрүбүз деп атаган жарандар Кумтөргө барганда экологиялык коопсуздук, саркынды суу, карьер боюнча суроолору пайда болгонун билдирди. Мунун баарын кагазга жазып кат түрүндө "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын жетекчилигине жөнөтмөй болду. Ишкана жетекчилиги жооп кат жазып, ал маселелер боюнча жакында өтө турган жолугушууда түшүндүрмө берерин билдирди.

Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өзү иштетишин талап кылган жаштар тобу быйылкы жылдын май айында Жети-Өгүздө жол бууп, ишкананы эки жолу электрсиз калтырган. Бул боюнча кылмыш иш козголгонун кечээ Ички иштер министрлиги кабарлады.

"Кумтөрдүн" президенти Майкл Фишер 10-июлда журналисттер менен жолугушууда Кумтөр ишканасы коопсуздугу жагынан дүйнөдөгү эң алдыңкылардын катарында тураарын айткан. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG