Апрел окуясы боюнча сотто чыккан жаңжал учурунда залдагы аскер кызматкерлерин жабыркаткандар жоопко тартылышы керек. Мындай талап менен бүгүн Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши чыкты.
Кечээ, 17-июлда сотто чыккан жаңжалды басууга аракет кылган он аскер кызматкери жабыркаганын, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылганын "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин маалымат кызматынан кабарлашкан. Сотто коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган аскерлер чырлашып жаткандарга карата атайын каражат колдонгон эмес.
Соттолуучулар чырды жабыркаган тарап баштап, колуна тийген буюмдарды, дубалда илинип турган сүрөттөрдү ыргытканын, бирөө чоң столду көтөрө чуркаганын айткан. Ал эми жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, чыр соттолуучу Сергей Цигельников залда отурган жабыркагандарды карап колунун ортон манжасы менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыккан.
2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында токсонго жакын кишинин өлтүрүлүшү боюнча мурдагы бийлик тушунда президентке жакын кызматтарды ээлеген айрым аткаминерлер жана күзөт кызматкерлери соттолууда. Алар өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтып келет. (RK)