Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

“Жундалла” тобунун мүчөсү деп айыпталгандар эркинен ажыратылды


Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Согди облусунда эки киши “Жундалла” радикал тобунун мүчөсү деп айыпталып, узак мөөнөткө түрмөгө отургузулду.

Ашт регионалдык соту Адхам Абдуллоев менен Содик Туробовду ишине тыйуу салынган “Жундалла” (же “Алланын армиясы”) деген исламчыл топтун мүчөсү деп тапкандан кийин, бүгүн бирөөсүн 20 жылга, экинчисин 15 жылга түрмөгө кести.

Тажикстанда аталган топко мүчө деген айып менен адамдар алгачкы жолу камалууда. Пакистанда негизделген экстремисттик топко киргенге чейин бул эки тажикстандык жаран Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү болушканын Согдинин прокурору Шариф Курбанов айтты. Анын маалыматына караганда, алар Пакистанда машыгуулардан өтүп, быйыл жыл башында мекенине кайтышкан. (td)

XS
SM
MD
LG