Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Салим Шамсиддиновдун сөөгү Өзбекстандан табылган болушу мүмкүн


Тажикстанда жоголуп кеткен өзбек диаспора лидеринин сөөгү Өзбекстандан табылган болушу мүмкүн. Тажикстан менен Өзбекстандын чектеш жериндеги дарыядан табылган өлүк Салим Шамсиддинов болушу мүмкүндүгүн Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Хатлон облустук бөлүмүнүн башчысы Анвар Тагоймуродов кабарлады. Анын айтымында, өзбек бийликтери Шамсиддиновдун денеси апрелде табылганын кабарлашты. Бирок эмне үчүн ал тууралуу учурунда маалымат беришпегенин такташкан эмес. Диаспора лидери мартта жоголуп кеткен. Amnesty International укук коргоо уюму буга чейин Шамсиддиновдун жоголушун “саясий себептер” менен байланыштырып, ал уурдалган болушу мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG