Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн атайын сайт ачуу сунушталды


Кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында интернетте атайын сайт ачыш керек. Мындай сунуш бүгүн Бишкекте өтүп жаткан тил саясатын өнүктүрүү боюнча иш топтун жыйынында айтылды. Ал сайтта кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарга жана окутуучуларга керектүү маалыматтар жайгаштырылмакчы.

Бир ай мурда президент Атамбаев тил саясаты боюнча иштей турган топ түзгөн. Мындан ары кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекет акчасын аябай турганын айткан. Бул багытта жүргүзүлө турган иш-чараларды каржылоо көлөмү келерки жылдан тарта кеминде эки эсе жогорулашы керектигин билдирген.

Андан мурдараак Алмазбек Атамбаев парламент иштеп чыккан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламентке кайтарып берген болчу. Анда жогорку мамлекеттик кызматка келчүлөр кыргыз тилин мыкты билиши керек деген талап жазылган жана көрнөк-жарнактарда кыргыз тилин туура эмес жазгандарды айыпка жыгуу чаралары каралган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG