Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Киевдеги митингчилерди милиция кубалап кетирди


Киевдин борбордук аянтында кечээ чогула баштаган нааразылык акциясынын катышуучуларын милиция кубалап кетирип жиберди. Жүзгө жакын адам кечээ чатыр орнотуп, 29-жаштагы келинди уруп-сабап, зордуктаган эки милиционерди жана таксинин айдоочусун жазалоону талап кылып чыккан. Бүгүн эртең менен алардын он чакты өкүлүн милиция кармап кетти.

Украинанын борбору Киев шаарынан 300 чакырым аралыкта жайгашкан Врадиевка айылынын тургуну, 29 жаштагы келинге эки милиционер кордук көрсөткөнү жакында гана ачыкка чыккан. Бирок окуя өзү июн айында болгон. Бул кылмыш жашырылып жатканына, күнөөлүүлөр убагында кармалбаганына жана мындай окуялар көбөйгөнүнө нааразы болгон айыл тургундары митингге чыккан. Бүгүнкү акция да ошолорду колдоо максатында уюштурулган.

Окуя жалпы Украинага маалым болгондо өкмөт облустун прокурорун жана облус, шаар милиция башчыларын кызматтан алган. Кылмышка шектүү эки адам камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG