Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн соңку эл аралык мелдештерде жеңген кыргызстандык спортчулар менен жолукту. Аларга акчалай сыйлык жана белекке саат тартуулады.
Алтын медал алган спортчуларга 150 миң, күмүш үчүн 100 миң жана коло уткандарга 70 миң сомдон тапшырылды.
17-июлда Орусиянын Казан шаарында аяктаган дүйнөлүк универсиадага кыргызстандык 98 спортчу катышып, 12си байгелүү орундарга ээ болгон. Бел күрөш, эркин күрөш жана самбо боюнча балбандар 2 алтын, эки күмүш жана 8 коло медал тагынып кайткан.
Июн айында Иорданияда өткөн бокс боюнча Азия чемпионатынан 1 алтын жана 3 коло медал келген.
Таиланддагы күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыргызстандык өспүрүмдөр 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло алып келген.
Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан 1 алтын, Кореядагы Азия оюндарында кикбоксинг, тай боксу жана бий спорту боюнча 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медал утап алган. (KMa/RK)