Казан Универсиадасынан медаль утуп келген спортчулар менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев мына ушинтип билдирди. Ал спортчуларга кайрылып, “ар бирибиз силер сыяктуу эмгектенип, бирөөдөн үмүт кылып отура бербей, өзүбүздөн башташыбыз керек. Баарыбыз эмгегибиз менен мекенибизге жана үй-бүлөбүзгө пайда алып келишибиз керек”, - деди.
Президент ошондой эле “мамлекеттин келечеги силердин колуңарда, жаш муунга үлгү болушуңар керек. Өлкөнү уурдап миллиондорду тапкандар эмес, жолдорду бууп, жарыкты өчүргөндөр эмес, силердейлер өрнөк болууга тийиш”, - деп кошумчалады.
Казан Универсиадасында кыргызстандык спортчулар 12 медаль менен 26-орунду алышты. (AKu)