Бүгүн - Кыргызстанда өтүп жаткан эл аралык “Мейкин Азия” музыкалык фестивалынын үчүнчү күнү. Катышуучулардын арасында жеңүүчүлөр кечинде аныкталат.
Чолпон-Атада көл жээгинде өтүп жаткан фестивалга Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Куба, Филиппин жана КМШ мамлекеттеринен ырчылар келген. Баш байгеси – 5 миң доллар.
Өкмөт бул фестивалды мындан ары да колдоорун билдирди. Бул жолку уюштуруусуна 5 миллион сом кеткени кабарланды. (AKu)