Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Миңкушта жер көчтү


Нарын облусундагы Миңкуш шаарчасында көчкүдөн жол жабылып калды. Өзгөчө кырдаалдар миниcтрлигинин маалыматына ылайык, кечээтен бери Миңкуш - Алыскы-Миңкуш жолу жабылып турат. Жер көчкүнүн көлөмү 3600 куб метрге жетип, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Миңкушта жазында да ири жер көчкү болуп, шаарча толугу менен жарыксыз калган. Активдештирилген, башкача айтканда, көчүү коркунучун жаратып, кыймылга келген жердин көлөмү – 90 миң куб метр.

Адистер бул аймак уулуу зат көмүлгөн жерден алыс экенин ырастап келишет. (AKu)

XS
SM
MD
LG