Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Алексей Навальный Москвага келди


Орус оппозиционери жана Москва шаарынын мэрлигине талапкер Алексей Навальный Киров шаарынан Москвага келди. Ярослав бекетинде аны тарапкерлери жана журналисттер тосуп алышты. Навальный аны тосуп алгандарга жана эки күн мурун анын камалышына каршы митингге чыккандарга ыраазычылыгын билдирди. Активист алдыда аны шайлоо өнөктүгү жана ушуга байланыштуу көп иштер күтүп турганын кошумчалады.

Навальныйдын келишине байланыштуу Ярослав бекетинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

18-июлда Алексей Навальный жана ишкер Петр Офицеров «Кировлес» иши боюнча беш жылга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынышкан. Кийинки күнү Кировдун облустук соту өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенче экөөн тең бошоткон. (AiK)

XS
SM
MD
LG