Эртең Бишкектин четиндеги Каражыгач токоюнда татарлардын Сабантуй майрамы белгиленет. Ага Орусиянын Кыргызстандагы элчиси, Казан шаарынан ырчылар жана Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрү катышмакчы.
Майрамда татарлардын салттуу оюндары, концерттик программа, ар кандай жарыштар уюштурулат.
Сабантуй (соко майрамы) - татар этносу пайда болгондон бери белгиленип келген улуттук майрам. Ал жазгы эгинди сээп бүткөндөн кийин белгиленет. (AKu)