Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Ысык-Көл: жер силкинүүдөн жапа чеккендер жардам ала элек


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп райондорунда быйыл январдагы жер титирөөдөн жабыркагандар өкмөт бөлгөн жардамды ала албай жатканын “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев кабарлады. Анын айтымында, аталган райондордогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам жана узак мөөнөттүү кошумча ссуда берүү каралган. Мындан улам депутат өкмөткө бул маселени тезинен чечүүнү өтүнүп, кайрыла турганын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-январда болгон 6 баллдык жер титирөөдөн Ысык-Көлдө 130га жакын үй жараксыз абалга келгенин, муну оңдоо үчүн 26 миллион сомдон ашык каражат керектелээрин билдирген болчу.(BkA\KE)

XS
SM
MD
LG