Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Аба ырайы: чукул эскертүү


21-23-июлда жаанга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы 8...10 градуска төмөндөөр күтүлөт. Мындай аба ырайынын өзгөрүлүшү айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, энергетика, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Ошондой эле тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

22-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясын 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG