Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Египетте Конституцияны оңдоо боюнча комиссия иштей баштады


Египеттин өткөөл мезгилдеги президенти Адли Мансур ишемби күнү 10 юристтен турган комитетти түздү. Аталган комитет өлкөнүн Баш мыйзамына оңдоолорду киргизет. Мансурдун өкүлдөрү эксперттер жекшемби күнү ишке киришип, сунуштарын бир айдан кечикпей бериши керектигин билдиришти. Андан соң бул демилегени көп мүчөдөн турган укуктук комиссия карап чыгат. Акырында Адли Мансур бул оңдоолор боюнча референдумдун мөөнөтүн аныктайт.

Исламчылар тарабынан иштелип чыккан мурунку Конституция 3-июлда Мухаммед Мурси президенттиктен кулатылышы менен токтотулган.

Оппозиция жана укук коргоочулар Мурсинин учурундагы Баш мыйзамды аялдардын жана улуттук азчылыктардын укугун бузат деп сындап келишкен. (AiK)

XS
SM
MD
LG