Бүгүн Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын кызматтык унаасы кырсыкка учурап, эки адам каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында Ош тараптан бара жаткан "Тойота Камри" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Бишкек тараптан келе жаткан "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылышкан. Кырсыктан "Тойота Камринин" айдоочусу Мээримбек Нурдинов менен анын жанындагы Медербек Шакиев аттуу жаран каза тапты. Мындан тышкары бул унаадагы дагы үч адам катуу жабыркап, Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Унаада депутат өзү жок болгон.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Магамед Абдурасулов болсо азыр Токтогул шаарында экспертизалык текшерүүдөн өтүп жатат. (BkA)