Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Сирия: акыркы чабуулдардан ондогон адамдар мерт болду


Сириядагы оппозициялык укук коргоо борборунун тараткан маалыматына караганда, Адра шаарынын тегерегиндеги кандуу кармашта 49 адам мерт кетти. Буга кошумча козголоңчулар ээлеп турган түндүктөгү Ариха шаарындагы атышуудан да 20га жакын адамдын ажал тапканы да кабарланууда. Ал ортодо бүгүн Сириянын вице-премьери Кадри Жамил Орусияга келип, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугаары күтүлүүдө. Орусия Сириядагы Башар Асаддын режимине жан тарткан жана аны курал менен камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Бирок акыркы учурда АКШ менен бирге бул өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу үчүн эл аралык конференция өткөрүү камын көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG