Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Шылуундар “ГазпромНефтьАзиянын” атын колдонууда


Айрым жарандардын телефонуна “ГазпромНефтьАзия” өзүнүн мааракесинин урматына акция өткөрүп жатканын, 20 миң сом жана кымбат баалуу телевизор белекке берилерин жазган СМС маалыматтар келүүдө. Маалыматты жөнөткөндөр бул белектерди алыш үчүн 3770 сом акча төлөшү керектигин айтып, паспортунун номерин сурашкан.

“ГазпромНефтьАзия” болсо мындай акция уюштурбаганын “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин да ушул сыяктуу шылуундар кайсы бир компаниянын атын жамынып, телефонуна акча салдырган учурлар катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG