Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Өкмөттөр аралык комиссия кыргыз-казак чегиндеги талаш жерди карайт


Бүгүн Бишкекте башталган кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны беш күнгө созулат. Бүгүн эки тарап Таластагы Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча маселени карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты.

Буга чейин аталган айылдын тургундары 11 күн Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Буга нааразы болгон Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, суунун буулуп турушун тартип бузуу деп атаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG