Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ОшТВда жетекчи алмашты


ОшТВ телекомпаниясынын жетекчиси өткөн жуманын аягында алмашты. Буга чейин аталган медиамекемени жетектеп келген Сюита Соурбаеванын ордуна журналист Эрнис Кыязов директор болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн кабарлашты. Мурдагы жетекчинин жумуштан кетүү себептери азырынча белгисиз. Эрнис Кыязов буга чейин Коомдук биринчи каналда жана ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында эмгектенген.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Түптөөчүсү - жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, толугу менен кыргызчаланган. Телеканал ээсине медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон деп күнөө коюлган. Худайбердиев азыр чет өлкөдө жашайт.

Коомчулукта Оштун азыркы мэри Мелис Мырзакматов мекемени мурдагы ээсинен сатып алган деп айтылат. Бирок азыр ким ээлик кылып жатканы жөнүндө ачык маалымат жок. Телеканал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында тартканы менен, негизинен Ош шаарындагы жаңылыктар жана шаар бийлигинин жасап жаткан жумуштары көрсөтүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG