Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн реформасы талкууланды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын Аскердик доктринасында каралган Куралдуу күчтөрүн башкаруунун бирдиктүү борборун түзүү, Куралдуу күчтөрдүн реформасы талкууланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы өткөн аптада бекитилген. Ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн аскердик курулуштарды, даярдыктарды жана куралдуу күчтөрдү пайдаланууда расмий кабыл алынган көз караштарды чагылдырат. Доктрина дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен түзүлүп, аскер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат курууга, мамлекеттик бийликти, коомду жана жарандарды аскердик коопсуздукту камсыздоо жагдайын чечүүдө бирдиктүү күчтөндүрүүгө багытталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG