Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Улуу Аятолла Иран президентин Вашингтонго ишенбөөгө үндөдү


Ирактын башкөсөмү Аятолла Али Хаменейи өлкөнүн жаңы жетекчилигин Кошмо Штаттар менен мамиледе кылдат болууга үндөп, “Вашингтонго ишенип болбосун” эскертти. Жекшемби күнкү ырасмий жыйында Хаменейи ошондой эле АКШ менен сүйлөшүүнү тыйбасын, бирок Вашингтондун позициясы өз ара кызматташуу ийгиликтүү болоруна көп деле үмүттөндүрбөсүн айтты. Иран душмандын оюн көрө билүүсү зарыл, болбосо чыгашага кириптер болот, деп кошумчалады Аятолла.

Июнда президенттикке шайланган байыстуу саясатчы Хасан Рухани эки аптадан кийин ант берип, ырасмий түрдө кызматка киришет. Ирандын ядролук программасынан улам Тегеран менен Вашингтондун мамилеси осол абалда. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенишет. Тегеран уранды тынчтык максатында байытканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG