Кытайдын түндүк батышындагы Гуанси провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде 47 адам курман болду. 300дөн ашык адам жараат алды. АКШнын Геологиялык институнунун кабарлашынча, бүгүн таңкы 7:45те болгон зилзаланын кубаты 5, 6 балга жетти. Кытайдын Сейсмология борбору жер адегенде 6, 6 балга жетип солкулдаганын, экинчи ирет тербелгенде күчү 5, 6 балга жеткенин билдирди.
Өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, жер титирөөдөн Гуанси провинциясынын борбору Ланчжоу шаарынан 170 чакырым алыстагы Минсян жана Чжансян аймактары катуу жабыркады.
Өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, жер титирөөдөн Гуанси провинциясынын борбору Ланчжоу шаарынан 170 чакырым алыстагы Минсян жана Чжансян аймактары катуу жабыркады.