Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери ливандык шииттердин “Хезболла” уюмунун аскерий канатын террорчул уюмдардын тизмесине кошуу маселесин талкуулоодо. Брюсселдеги жыйын алдында Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Биримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү “Хезболлага” каршы санкцияны колдоп жатканын айтты.
Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд болсо: “Биз акыркы бир же эки жылда “Хезболла” Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө аракеттенгенин көрүп жатабыз. Биз бул уюмдун аскердик канатын терроризм жана террорчулукту пландоого тиешеси бар экенин тастыктай алабыз. Албетте, биз мындай иштерге баргандарга чыдап карап тура албайбыз”,- деп билдирди.
Иран менен жакын кызматташкан “Хезболла” уюму былтыр Болгарияда израилдик беш туристти өлтүрүүгө аралашканы жана жакында Сирия президент Башар Асадга аскерий колдоо көрсөткөнү аныкталган. “Хезболлага” каршы санкция жарыялоо үчүн чечимди Евробиримдикке мүчө 28 мамлекет колдоо керек. Бирок кээ бир өлкөлөр мындай чара Ливандагы кырдаалды бейстабилдештирип, Жакынкы Чыгыштагы абалга тескери таасир этет деген көз карашта.