Багдадга чукул жердеги түрмөлөргө жасалган чабуулдарда кеминде 25 аскер өлдү. Ирак бийликтеринин маалымдашынча, Абу Грейб жана Тажи түрмөсүнө өткөн түнү жасалган чабуул бир нече саатка созулуп, кол салгандар эч кимди бошото алган эмес. Бирок согушчандар интернетте жарыялаган маалыматта эки түрмөдөн миңдеген адамдар качып чыкканын билдирди. Чабуул учурунда алты согушчан катардан чыкканы айтылууда.
Бүгүн Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында аскердик конвойго кол салынды. Ырасмий маалыматка караганда, көчөдө бараткан кайгуулдагы аскерлердин унааларын миналанган машине келип сүзгөн. Жанкечтинин бомба чабуулунан бери дегенде 12, балким 25ке чейин адам өлгөнү айтылууда. Кандуу булоон суннилер менен шииттер ортосундагы жаатташуу согушу кайра от алуудабы деген коркунучту күчөтүүдө.
Associated Press агенттигинин кабарлашынча, апрель айынан берки куралдуу коогалаңдарда 2 миңден ашуун ирактык апаат болду.