Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

ЕБ министрлери “Хезболланы” "террорчу" деп тааныды


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери ливандык шииттердин “Хезболла” уюмун террорчул уюмдардын тизмесине киргизилсин деп макулдашканы кабарланды. Дипломаттык булактардын айтышынча, мындай чечим күчүнө кирүү үчүн аны Евробиримдикке мүчө 28 мамлекет колдоо керек.

Иран менен жакын кызматташкан “Хезболла” уюму былтыр Болгарияда израилдик беш туристти өлтүрүүгө аралашканы жана жакында Сирия президенти Башар Асадга аскерий колдоо көрсөткөнү аныкталган. Бирок кээ бир өлкөлөр мындай чара Ливандагы кырдаалды бейстабилдештирип, Жакынкы Чыгыштагы абалга тескери таасир этет деп жаткан.

XS
SM
MD
LG