Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

АКШ вице-президенти Индияга 4 күндүк сапар менен барды


Бүгүн АКШ вице-президенти Жо Байдендин Индиядагы төрт күндүк сапары башталды. Байден акыркы отуз жылда Индияга келген АКШнын биринчи вице-президенти. Байден Индиянын лидерлери менен америкалык компаниялардын бизнес кылуусундагы тоскоолдуктары алуу жана соодалашуусун жеңилдетүү жөнүндө сүйлөшөт. Быйыл эки өлкө ортосундагы соода 100 миллиард долларды түзөт деп боолгонууда. Жаңы Делиде Ооганстандагы кырдаал да талкууланат. Жаңы Дели Ооганстанга 2 миллиард доллар жардам берген жана келерки жылы эл аралык күчтөр Ооган жеринен чыгып кеткенден кийин талибдер дагы күчөйт деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG