Кытайдын түндүк-батышындагы Гансу провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде 75 адам курман болду. Ырасмий маалыматта, жүздөгөн адамдар жардар болгону айтылат. Жакындары зилзалада жараат алган гансулук Кытай ТВсына:
"Көптөгөн адамдар жарадар болду. Биз үйдөн качып чыккан адамдардын биринчи тобунанбыз. Турак үй толук кыйрады", - деди.
Кытайдын Сейсмология борбору жер адегенде 6, 6 балга тербелип, анан 5, 6 балга жетип солкулдаганын билдирди. Өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, жер титирөөдөн Гансу провинциясынын борбору Ланчжоу шаарынан 170 чакырым алыстагы Минсян жана Чжансян аймактары катуу жабыркады.