Ирактык парламентарийлердин айтышынча, өткөн түнү Абу Грейб жана Тажи түрмөлөрүнө жасалган чабуул кезде кеминде 500 арестан качып кеткен. Ырасмий маалыматта Багдаддын батыш жана түндүк ныптасындагы эки түрмөгө жасалган чабуул бир убакта болгону белгиленет.
Парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Хаким аз-Замилинин айтышынча, кол салуу кезде Абу Грейб абагынан 500дөй арестант качып кеткен. Бул комитеттин башка мүчөсү Шван Таганын сөзүнчө, таңга чейин созулган аткылашуу кезде эки түрмөдөн 500дөн 1000ге чейин адам качып кеткенге үлгүргөн. Аз-Замилинин билдиришинче, алардын көбү кармалган же атып өлтүрүлгөн. Бийликтер абак жайларга жасалган чабуулда кеминде 25 күзөтчү өлгөнүн маалымдады. Урушта алты согушчан жок кылынганы айтылат.