Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

«Атажуртчу» депутаттардын соту уланат


Бүгүн Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароону улантат. Буга чейин Башкы прокуратура аталган депутаттарга чыгарылган Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүп, көзөмөл арыз менен кайрылган. 16-июлда башталган жараянда жактоочу тарап ишке жаңы адвокаттар кошулгандыктан кошумча убакыт сураганы үчүн сот иши бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

“Ата-Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган өкүмдү Бишкек шаардык соту 17-июнда чыгарган. Ага чейин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, 1 жылдан 1,5 жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм кылган болчу.

Аталган үч депутат өткөн жылы 3-октябрда Кумтөр боюнча өткөн митингден соң “Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган”, “Бийликти күчтөп басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG