Жапония Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Мындай мыйзамга дүйшөмбүдө президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын июнь айында кабыл алган. Негизинен Жапониянын жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү боюнча өкмөт токтому мурда эле кабыл алынган. Бирок былтыр визасы каттам ачуу боюнча уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына Жапония кирбей калган. Ошондуктан ушул жылдан тарта Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөргө Жапонияны кошуу боюнча мыйзамга толуктоолор киргизилди.
Кыргызстанда 44 мамлекеттин жарандарына 60 күнгө визасыз каттам тартибин киргизүү тууралуу мыйзам былтыр кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү мындай кадамды туризм тармагын өнүктүрүү жана экономикага инвестиция тартуу максаты менен түшүндүргөн. (BkA)