Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

“Хезболла” уюму Евробиримдиктин чечимин сындады


Ливандык шииттердин “Хезболла” уюму өз аскердик канатын Евробиримдик террорчул уюмдардын тизмесине киргизишин “агрессивдүү жана адилетсиз” чечим деп атады. Уюмдун тараткан билдирүүсүндө бул чечимди четке кагаарын жана Брюссел мындай кадамга АКШ жана Израилдин басымы астында барганы айтылат. Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери аталган уюмду террорчул уюмдардын тизмесине киргизип, банктык эсептерин жапканы белгилүү болгон. Бул чечимди АКШ кубаттоо менен кабыл алган болчу.

Иран менен жакындан кызматташкан “Хезболла” уюму былтыр Болгарияда израилдик беш туристти өлтүрүүгө аралашканы жана жакында Сирияда президент Башар Асадга аскерий колдоо көрсөткөнү аныкталган. Бирок кээ бир өлкөлөр мындай чара Ливандагы кырдаалды бейстабилдештирип, Жакынкы Чыгыштагы абалга тескери таасир этет деп болжошууда.

XS
SM
MD
LG