АКШнын аскерий жетекчилиги Ооганстан менен октябрга чейин коопсуздук тууралуу келишимге кол коюлат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Кабулга келген АКШнын Биргелешкен штабынын төрагасы, генерал Мартин Демпси билдирди. Анын айтымында, эгер октябрга чейин аталган келишимге кол коюлбаса, 2014-жылдан кийин АКШ Ооганстандан бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болот. Коопсуздук боюнча келишимде 2014-жылдан соң Ооганстанда кала турган АКШ аскерлеринин макамы аныкталышы керек болчу. Буга чейин АКШ өлкөдөн НАТОнун аскерлери чыгарылган соң да белгилүү бир сандагы аскерлерди ооган коопсуздук күчтөрүн окутуу жана жардам берүү үчүн кала турганын билдирген.
Демпси Кабулда президент Хамид Карзай баш болгон өлкөнүн аскерий жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Карзай Ооганстан Вашингтон менен коопсуздук келишимин кол коюуга даяр экенин билдирди. Ооган президенти июнь айында АКШ жана Пакистан Катарда Талибан кыймылынын ырасмий кеңсесин ачылышын кубаттаган соң, бул боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон болчу.