Бүгүн Бишкекте дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча жаңы иштелип чыккан концепция талкууланат. Бул тууралуу аталган концепцияны иштеп чыккан топтун мүчөсү Бурул Макенбаева кабарлады. Анын айтымында, талкууга саламаттыкты сактоо, экономика министрликтеринин мүчөлөрү, жарандык коомдук өкүлдөрү катышат. Анда концепциянын долбоору талкууланып, катышуучулар өз сунуштарын бермекчи. (BkA)