Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Жогорку Сотко депутат Талант Мамытов келди


Жогорку Сот бүгүн үч депутаттын ишин кароону улантканы жатат. Учурда сот залында жактоочулар, журналисттер жана милициялар отурат. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, бул жолу сот имаратынын алдында топтолгон эл жок.

16-июлдагы сот отурумунда жактоочу тарап ишке жаңы адвокаттар кошулгандыктан аларга иш менен таанышууга убакыт сураган болчу. Соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырып, ишти бүгүнкүгө жылдырган.

“Ата-Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган өкүмдү Бишкек шаардык соту 17-июнда чыгарган. Ага чейин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, 1 жылдан 1,5 жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм кылган болчу. Аталган үч депутат өткөн жылы 3-октябрда Кумтөр боюнча өткөн митингден соң “Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган”, “Бийликти күчтөп басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган эле.

Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG