Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

“Ата Журттун” депутаттарынын соту 6-августка жылды


Жогорку Сот депутаттардын айрым адвокаттарынын бүгүнкү соттук отурумга келбей калгандыгына байланыштуу ишти кароону 6-августка жылдырды. Буга чейин адвокаттар иш менен таанышуу үчүн соттон бир ай убакыт сураган. Бир аз мурда алар иш менен таанышууга жетиштүү убакыт берилген жок, жоопкерсиз мамиле болууда деп соттук коллегияны райондор аралык сотко бергендигин билдирген эле. Мамлекеттик айыптоочулар мындай дооматтарды четке кагууда.

Биринчи Май райондук соту “атажуртчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 1-1,5 жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Аты аталган эл өкүлдөрүнө өткөн жылдын 3-октябрында мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG