Рим католик чиркөөсүнүн көсөмү Франциск бүгүн Рио-де-Жанейродо президент Дилма Руссефф менен жолугушкандан кийин өкмөт үйүнүн жанында тополоң чыкты. Поптун сапарынан пайдаланып, өкмөткө нааразылыгын билдирүүнү каалаган митингчилерди таркатыш үчүн полиция көздөн жаш чыгарчу газ, желим окторду колдонду.
76 жаштагы Франциск өзү Аргентинадан болот. Рим папасы катары чет өлкөгө алгачкы сапарын Бразилияга жети күндүк визити менен баштады. Бул жерде ал католик жаштарынын дүйнөлүк күнүн да белгилемекчи. Бразилиядагы католик христиандарынын саны 120 миллиондун тегерегинде.