Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан 4 киши набыт болду


Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан НАТОнун үч аскери жана ооган котормочусу набыт болушту. Окуя бүгүн чыгыштагы Вардак провинциясында таң эртелеп болгонун, жолдо эшек минип бараткан жанкечти чет өлкөлүк аскерлердин жанында өзүн жардырганын жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Аттаула Когияни биздин радиого билдирди.

Бир аз мурдараак Түндүк Атлантикалык альянсы кабарды тастыктаган билдирүү тараткан, бирок курмандыктардын аты-жөнү, улуту же каерде өлгөнү жөнүндө тагыраак маалымат берген эмес.

Ооганстанда НАТОнун жетекчилиги астында кызмат кылган чет өлкөлүк аскерлердин басымдуу бөлүгүн америкалыктар түзөт. Ушул ай ичи АКШ жетектеген аскерлерден кеминде жети адам, жыл башынан бери 100дөй аскер түрдүү чабуулдарда көз жумган. Алардын көпчүлүгү – америкалыктар.

XS
SM
MD
LG