Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Өзбекстандын Баткенге карызы 758 миллион сомго жетти


Мындай маалымат Баткен облустук акимчилигинин кезектеги жыйынында айтылды. Союз мезгилинде кошуна өлкө Кыргызстандын аймагында иштетип келген мекемелерин дагы деле кармап тургандыктан ал аймактардын ээлеген жерлери үчүн болгон карызы эле ушунчага жеткен. Бул карыздарды өндүрүү үчүн салык кызматы сотко кайрылган. Бирок райондор аралык сот бул ишти кабыл алуудан баш тартты деп маалымдады облустук салык кызматынын жетекчиси Рахматбек Рустамов.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жениш Разаков "бул карыздарды өндүрүү үчүн салык кызматы натыйжалуу аракеттениши керек, Кыргызстандын жөнөкөй тургундары жер үчүн салыкты кечиктирбей төлөп жатса, чет өлкөлүк мекеме аны төлөбөй койгону жакшы эмес", - деп мыйзамдуу негизде салыкты төлөбөгөн чет өлкөлүк мекемелердин мүлкүн болсо да алууну тапшырды. (JsA)

XS
SM
MD
LG