Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтобек Маанаев билдирди. Анын айтымында, дагы 7 адам ооруканада, алардын үчөө өтө оор абалда. Кырсыктан каза болгон 12 адамдын сөөгү өлүкканага жеткирилди.
Бүгүн түштөн кийин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда автобус кырсыкка учураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, райондогу Кытай деген айылдын тушунан автобус жолдон чыгып кетип, жол боюндагы бакты сүзгөн. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. (BkA\MK)