Кыргызстанда 26-июлдан 5-августка чейин тарта уздардын эл аралык “Оймо” фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалды уюштуруп жаткан борбор азиялык кол өнөрчүлөрдү колдоочу ресурстук борбордон кабарлашты. Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында уздар жасаган буюмдардын көргөзмөлөрү, мастер-класстар өткөрүлмөкчү.
Кыргызстанда 8-жолу өтүп жаткан фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Кытай жана Түркиядан кол өнөрчүлөр катышат. (BkA)
Кыргызстанда 8-жолу өтүп жаткан фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Кытай жана Түркиядан кол өнөрчүлөр катышат. (BkA)