Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргыз-өзбек чек ара жетекчилери жолугат


Бүгүн Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын төрагалары шейшембиде чек арачылардын ортосунда болгон атышуу боюнча жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары телефон аркылуу байланышып, окуянын чоо-жайын териштирүү максатында бүгүн жолугушуу тууралуу макулдашкан.

Шейшембиде Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Окуяда бир өзбек чек арачысы ошол жерде өлгөнү, экинчиси жаракат алганы айтылган.

Буга чейин Өзбекстандагы айрым маалымат агенттиктери кыргыз чек арачылары мас абалында ал өлкөнүн аймагына мыйзамсыз кирип, ок чыгарганын жазып чыккан. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы четке кагып, өзбек тарапты кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу боюнча иликтөөлөр аягына чыкканга чейин текшерилбеген, далилсиз билдирүүлөрдү таратпоого чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG